• Бейшемби 16 Бугу 2024
  • Четверг 16 Май 2024

Бүгүн №5 жана 7 троллейбус каттамдары убактылуу токтотулду

29 Чын куран 2024 17:59 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 29-апрелде саат 16:00дөн тартып №5 жана 7 троллейбус каттамдары убактылуу токтотулду.

Бишкек троллейбус башкармалыгынан билдиришкендей, каттамдардын токтошуна 7-Апрель көчөсүнүн Чүй проспектисинен Горький көчөсүнө чейинки авариялык оңдоо иштери себеп болууда.

Белгилей кетсек, троллейбус каттамдары иштер аяктагандан кийин калыбына келтирилет.

Бишкек шаарынын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жүргүнчүлөрдөн бул өзгөртүүлөрдү эске алуу менен сапарларын алдын ала пландаштырууну суранат.

Количество просмотров: 121