10-июлга карата Кыргызстанда дагы 511 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.
Жаңы катталган бейтаптар:
— Бишкек шаарында 260 адам;
— Чүй облусунда 104 адам;
— Ош облусунда 20 адам;
— Ош шаарында 27 адам;
— Жалал-Абад облусунда 29 адам;
— Баткен облусунда 16 адам;
— Нарын облусунда 26 адам;
— Ысык-Көл облусунда 26 адам;
— Талас облусунда 3 адам.
Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 9358 адамга жетти.