Бүгүн Кыргызстандын бардык аймактарында 45 жаңы обьект ачылды. Булар Баткен облусунун 25 жана Кара Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналып ишке берилди. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып жатышат.
Аларды Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаров онлайн режимде ачты.
Буга чейин да өлкөнүн көз карандысыздык майрамында республика боюнча 100 чоң, орто, чакан өнөр жай ишканалары жана 100 социалдык обьектилер ачылган.
Бүгүн Баткен облусунда 25, Ош облусунда 10, Ысык-Көл облусунда 4, Нарын облусунда 3, Жалал-Абадда 2 жана Талас облусунда 1 обьект ачылган.