Бүгүн, 7-апрелде, Апрель ынкылабына 11 жыл болду. Окуянын 11 жылдыгына карата бүгүн Бишкекте президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен эскерүү иш-чаралары өтөт. Мамлекет башчы «Ата-Бейит» мемориалдык комплексиндеги апрель окуясында курман болгондорго арналган мемориалдык дубалга жана Ала-Тоо аянтындагы Аксы жана Апрель окуяларында курман болгондорду эскерүү монументине гүл коёт.
2010-жылы ушул күнү эл мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы митингге чыккан. Анда элге ок чыгарылып, 90го жакын киши каза болгон. Ал эми 100дөн ашуун жаран жаракат алган. Ошол кездеги президент Курманбек Бакиев үй-бүлөсү, жакындары менен чет мамлекетке качып, Беларустан башпаанек тапкан. Андан соң, өлкөдө Убактылуу өкмөт түзүлүп, стабилдүүлүк орнотула баштаган.
Кошумчалай кетсек, 7-апрель Кыргызстанда майрам катары кабыл алынган жана эс алуу күн катары жарыяланып келет.