• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Астанада Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары ачылат

8 Аяк оона 202412:23 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Астанада бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары башталат.

Алгач Көчмөндөр оюндарын өткөрүү идеясы Кыргызстанда пайда болуп, ал үч жолу ийгиликтүү өткөрүлгөн. Көчмөндөр оюндары байыртан көчмөн болуп жашаган элдердин этно спорттук оюндарын, маданиятын, жашоо-турмушун даңазалайт.

Төртүнчү жолку Көчмөндөр оюндары Түркияда өткөрүлгөн. Андан кийин ал Казакстанга узатылган.

Кыргызстандык эки жүздөй оюнчулар жана күйөрмандар ушу тапта Астанада жүрүшөт.
Оюндарды өткөргөн өлкөлөрдүн ар бири өздөрүнүн өзгөчөлүктөрүн кошуу менен, байыркы көчмөндөрдүн тарыхын, жашоо турмушунун бай экендигин көрсөтүп келишет.

Бул жолу Астанадагы Көчмөндөр оюндарына 89 өлкөдөн 2500дөй спортчулар катышат. Бүгүн Астана убактысы боюнча саат төрттөн кечки онго чейин бешинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанаты болот.

Жалпы отузга жакын этно спорттук оюндар менен катар маданий, илимий иш-чаралар да ага катарлаш өткөрүлөт.

Жергиликтүү телеканал оюндарды түз эфирден көрсөтөт.

Количество просмотров: 112