• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн аянтта китеп окуу жарышы өтөт

20 Аяк оона 20219:38 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 20-сентябрда борбордук «Ала-Тоо» аянтында китеп окуу жарышы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучулары кабарлады.

«Чоңдорго билим берүү» кыргыз бирикмеси кабарлагандай, иш-чара саат 16:00дө «Аянт төңкөрүш үчүн эмес, аянт билим алуу үчүн» флешмобу менен башталат.

«Катышууну каалаган ар бир окурманга жанына китеп ала келүүсү сунушталат. Ошондой эле көркөм окуу боюнча атайын сынактар уюштурулуп, жеңүүчүлөргө баалуу белектер ыйгарылат»,-деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 173