Ала-Тоо аянтына Айкөл Манастын эстелигин орнотуу иштери башталды. Жаңы эстеликтин эскиздери соцтармакка жарыяланды.
Эмгектин автору скульптор Тамила Маматова экени айтылды. Жаңы эстелик мурдагысынан көлөмү боюнча кыйла чоң.


Реконструкция 16-январда башталган. Иштер Эгемендүүлүк күнүнө карата аяктайт деп болжолдонууда.
Белгилей кетсек, эски эстелик 2011-жылдын 31-августунда орнотулган. Колодон жасалган фигуранын бийиктиги 10 метр болсо, эстеликтин постаменти менен кошо бийиктиги 17 метрден ашкан.