• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бүгүн Азия чемпионаты башталат

11 Чын куран 2024 11:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкекте эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү боюнча Азия чемпионаты башталат.

Мелдеш «Бишкек Арена» спорттук оюн-зоок комплексинде 11-16-апрель аралыгында өтөт.

Чемпионатка Азиянын 30дан ашык мамлекети катышаары белгилүү болду.

Ал эми Кыргызстандан мелдешке Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Тайырбек Жумашбек уулу жана Алмазбек Сманбеков сыяктуу атактуу балбандар катышат.

Количество просмотров: 81