• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн башкы мечитте Орозо айт намазы окулду

13 Бугу 2021 9:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-майда Бишкек шаарындагы Имам Сарахси атындагы башкы мечитте Орозо айт намазы окулду. Эпидемиологиялык абалдан улам аралыкты сактоо жана башка эрежелер аткарылды, деп билдирди Мусулмандар дин башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Таңкы саат 6:30дан тарта эл чогулуп, 7:15де Айт намазы окулган.

Майрамды утурлай Кыргызстан мусулмандарынын аалымдар кеңешинини төрагасы Абибилла ажы Кудайбердиев жана муфтийдин милдетин аткаруучу Жоробай ажы Шергазыевдин «Диний баалуулуктар, Орозо айттын пазилеттери» деген темада баяндамасын жасап, кыргыз элин куттукташты.

Жоробай ажы Шергазыев Орозо айт намазында элди аруулукка, тазалыкка чакырды. Андан соң Куран окулуп, маркумдарга жана Баткен окуясында каза тапкан жарандардын арбактарына багышталды.

Количество просмотров: 80