Бүгүн, 18-январдан тарта Бишкек-Исфана-Бишкек багыты боюнча учуулар калыбына келтирилет. Бул тууралуу Транспорт жана жолдор министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, каттам жумасына бир жолу — дүйшөмбү күндөрү аткарылат.
2019-жылдын апрель айынан баштап, Бишкек — Исфана — Бишкек каттамы аэродромдун пайдалануу тастыктамасынын жаңыланбагандыгына байланыштуу токтотулган. 7-декабрда аба майдандын иши жанданган. Ага мамлекеттик ишмер Исхак Раззаковдун ысымы ыйгарылган.