• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Бүгүн Бишкекте биринчи Элдик курултай ишин баштайт

25 Жетинин айы 2022 9:14 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Бишкекте Биринчи Элдик курултай ишин баштайт. Ага өлкөнүн президенти катышат.

Улуттук форумга Кыргызстандын бардык аймактарынан 1000ден ашуун өлкөнүн ар аймагынан келген делегат катышат. Курултайга Жогорку Кеңештин депутаттары, министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана мамлекеттик органдардын жетекчилери да чакырылган.

Иш-чараны Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтөт.

Президент Садыр Жапаров 16-августта «Элдик курултайды чакыруу жөнүндө» жарлыкка кол койгон.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек. Бирок ал мыйзам убагында кабыл алынбай калган.

Количество просмотров: 144