Бүгүн, 14-январда Бишкектеги «Ала Тоо» аянтындагы башкы балатыны алуу иштери башталат. Бул тууралуу «Тазалык» муниципалдык ишканасынын басма сөз катчысы Жибек Каракеева билдирди.
Маалыматка караганда, алынган балатынын жасалгалары аталган муниципалдык ишкананын базасында сакталат.
Белгилей кетсек, COVID-19 коронавирустук инфекциясына байланыштуу Бишкектеги «Ала-Тоо» аянтына орнотулган балаты эски жасалгалар менен кооздолуп, жаңы жылдык концерт уюштурулган эмес.