Бүгүн Бишкектин 19 көчөсүндө жарык өчүрүлөт
30 Теке 2021 9:07 Бишкек Govori.TV
Бүгүн, 30-июлда Бишкек шаарынын 19 көчөсүндө электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Түндүк электр» ишканасынын сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, мекеменин кызматкерлери трансформаторлорду оңдоо, турак үйлөрдүн арасындагы зымдарды, чубалгыларды монтаждоо иштерин аткарышат.
Жарык өчө турган көчөлөр:
- 09:00дөн 17:00гө чейин — Токтогул көчөсүндө (№215 үй);
- 09:00дөн 18:00гө чейин — Кокчө-Тоо, Кронштадтский, Патрис Лумумба, Троицк көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Арча-Бешик (Он-Арча, Садыбакасов, Кара-Кужур, Шербет, Тогуз-Түтүн, Арча-Бешик көчөлөрүндө) жана Салам Алик конуштарында;
- 09:30дан 17:00гө чейин — Малдыбаев көчөсүндө (№26 үй);
- 09:30дан 18:00гө чейин — Токомбаев көчөсүндө (45/1 үй);
- 10:00дөн 17:00гө чейин — Кара-Жыгач конушунда (Анкара, Курманжан датка, Торугарт, Жайылган, Шаты, Оберон көчөлөрүндө).
Подписаться:
Количество просмотров: 130