• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт

26 Аяк оона 20248:53 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-сентябрда Бишкектин айрым жерлеринде суу болбойт. Муниципалитеттен билдиришкендей, «Тоголок Молдо» суу алгычында жана шаардык суу түтүктөрүндө оңдоо иштерине байланыштуу 26-сентябрда саат 9:00дөн 21:00гө чейин төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта суу өчүрүлөт:

Панфилов көчөсү, Манас проспектиси, Фрунзе көчөсү — темир жол линиясы.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууларын суранат.

Количество просмотров: 67