• Жума 26 Теке 2024
  • Пятница 26 Июль 2024

Бүгүн Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы өчөт (даректер)

10 Кулжа 2024 9:36 Бишкек Govori.TV

10-июнда борбор калаанын айрым аймактарында оңдоп-түздөө иштерине байланыштуу электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт.

Маалыматка ылайык, төмөнкү аймактарда электр энергиясы өчөт:

  • саат 9:30дан 18:30га чейин — Осмонкулов, Огонбаев, Сүйүмбаев көчөлөрүнүн тилкелеринде;
  • 9:30дан 17:00гө чейин — 7-кичирайондогу №39 үйдө;
  • 9:30дан 18:00гө чейин — 12-кичирайондогу №7, 8, 9, 23, 25, 26, 27, 30 үйлөрдө;
  • 9:00дөн 14:00гө чейин — Жаш Гвардия проспектисиндеги №72 үйдө;
  • 10:00дөн 15:00гө чейин — Ак-Өргөө конушунда (Ашар жана Ак-Өргөө көчөлөрү);
  • 9:00дөн 18:00гө чейин — Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишинде;
  • 9:30дан 18-00гө чейин — Ак-Өргөө конушунда (Ашар, Саадак, Мажүрүм-Тал, Тогуз-Канат көчөлөрүндө);
  • 9:00дөн 18:30га чейин — Көлмө конушунда (Үкөк, Республиканская, Жийделүү, Алтын-Бешик, Ай-Көл, Азаттык, Козу-Баглан, Долон көчөлөрүндө);
  • 9:00дөн 17:00гө чейин — Ак-Босого конушунун Чүй жана Түлөбердиев көчөлөрүндө.
Количество просмотров: 214