• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Бишкектин айрым көчөлөрү убактылуу жабылат

26 Жалган куран 20249:12 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 26-мартта Бишкектин борбордук бөлүгүндө көчөлөр убактылуу жабылат. Бул тууралуу ЖККББдан кабарлашты.

Чектөө Кыргызстан менен Кытайдын Тайбэй футбол боюнча курама командаларынын беттешине байланыштуу киргизилүүдө. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо саат 20.00дө башталат.

Саат 14.00дөн тарта төмөнкү көчөлөр жабылат:

Тоголок Молдо көчөсүнүн Чүй проспектисинен Фрунзе көчөсүнө чейинки бөлүгү;

Фрунзе көчөсүнүн Манас проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү.

Количество просмотров: 117