• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бүгүн Бишкектин айрым райондорунда жылуулук жана ысык суу жок болот

10 Бирдин айы 20259:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 10-февралда саат 08:30дан 18:00гө чейин 11-кичи райондо жана Байтик Баатыр көчөсүндө жылуулук жана ысык суу убактылуу өчүрүлөт.

Мындай чара эски жылуулук түйүнүнүн бөлүгүн алмаштыруу жана жаңы орнотулган жылуулук түйүнүнө кошуу иштерин улантуу үчүн көрүлүүдө.

Өчүрүлүүчү даректер: 11-кичи район, № 1, 2, 3, 4, 5, 6, 15, 16, 17, 17а, 17/1, 18, 19, 20, 22, 23, 24, 25, 26, 27-турак үйлөр, №94-бала бакча, жеке сектордогу үйлөр 20/1, 20/2, 20/3, 20/4, 20/5, 20/6, 20А, түрк мектеби.

Ошондой эле, Байтик Баатыр көчөсүндөгү турак үйлөр № 3, 3/1, 3/4, 3А, 3Б, 3В, 3Г, Чалдовар көч., 91А (жатакана).

Количество просмотров: 220