• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу жана жылуулук өчүрүлөт

13 Бештин айы 202410:23 Бишкек Govori.TV

 Бүгүн, 13-декабрда Бишкектин айрым жерлеринде ичүүчү суу жана жылуулук өчүрүлөт. Муниципалитеттен билдиришкендей, Москва, Абдрахманов, Бөкөнбаев жана Шопоков көчөлөрү менен чектешкен аянтта 1979-жылкы түтүкчөлөрдүн бузулушун жоюуга байланыштуу саат 09:00дөн 16.00 гө чейин жылуулук жана ысык сууну убактылуу өчүрүү пландалууда.

Өчүрүү даректери:

— Москва көчөсү 86;
— Абдрахманов көчөсү 125/1, 119, 105/1, 105/2, 105/3;
— Үсөнбаев көчөсү 26 (2 квартал), 37, 41 (БУУ), 40 (№1 төрөт үйү);
— Шопоков көчөсү 34, 36;
— Бөкөнбаев көчөсү 61.

«Бишкекжылуулуктармагы» муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздык үчүн түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөт.

Количество просмотров: 322