• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Бишкектин айрым жерлеринде суу жок болот

9 Баш оона 20239:02 Бишкек Govori.TV

Бишкектин айрым жерлеринде бүгүн, 9-августта суу жок болот. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Жайыл Баатыр көчөсү — Садырбаев көчөсү — Абдрахманов көчөсү — Шералиев көчөсү менен чектешкен аймакта саат 10:00дөн кечки 18:00гө чейин суу өчөт.

Өчүрүү оңдоо-профилактикалык иштердин жүргүзүлүшүнө, диаметри 200 мм болгон сууну айландырып өтүүчү туташтыргыч орнотууга жана диаметри 100 мм болгон бурама тээк алмаштырууга байланыштуу буга байланыштуу муздак суу берүү убактылуу токтотулат.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы жаратылган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 76