• Шаршемби 15 Теке 2026
  • Среда 15 Июль 2026

Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчөт

21 Баш оона 20259:03 Бишкек Govori.TV

21-августта Бишкектин бир бөлүгүндө суу өчүрүлөт.

Муниципалитеттен билдиришкендей, 21-августта саат 10:00дөн 24:00гө чейин
Горький — Жукеев-Пудовкин  — Ахунбаев — Койбагаров — Юнусалиев — Скрябин — Матросов — Медеров — Бектенов көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу болбойт.

Суу күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу иштерине байланыштуу өчүрүлмөкчү.

Бишкек мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана мекеме-уюмдарды жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Количество просмотров: 174