• Бейшемби 25 Кулжа 2026
  • Четверг 25 Июнь 2026

Бүгүн Бишкектин кээ бир аймактарында жарык берүү убактылуу токтотулат

18 Тогуздун айы 20180:47 Бишкек Govori.TV

Бишкек.18.10.2018.Govori.TV

18-октябрда, Бишкек шарынын кээ бир аймактарында жарык берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу «Түндүкэлектр» ишканасы кабарлады.
Жарык оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу эрте мененки саат 9дан, кечки 6га чейин өчүрүлөт.

Жарык берүү убактылуу токтотулган аймактар:

09:00-17:00 — Дордой, Ак-Бата конушундагы 5-8-көчөлөрү;

09:00-18:00 — Көк-Жар конушундагы Кулмурзаев, Арстанбап, Коңорчок, Көк-Жар көчөлөрү;

09:30-18:00 — Боталиев, Түлөбердиев, Кызыл-Кыя көчөлөрү, Ужгород, Дархан, Саруу, Челябинск туюк көчөлөрү;

09:30-18:00 — Түлөбердиев, Көкчө-Тоо, Васильев, Махатма Ганди көчөлөрү;

09:30-12:00 — Ак-Өргө конушундагы От-Араба, Казыбек, Үркөр, Алтын казык, Саринжи-Бөкөй көчөлөрү;

13:00-17:00 — Алыкулов, Камчатский, Краснодар көчөлөрү;

09:30-17:00 — Мурас-Ордо конушу.

Количество просмотров: 64