• Ишенби 27 Кулжа 2026
  • Суббота 27 Июнь 2026

Бүгүн борборго жылуулук берилет. Мектепте каникул үч күнгө узартылды Соңку жаңылыктар 30 01 18 (видео)

30 Үчтүн айы 201816:53 Бишкек Govori.TV

Бишкек.30.01.18.Govori.TV

Бүгүн борборго жылуулук берилет

Премьер-министр Сапар Исаков бүгүн Бишкекте өткөн «Ачык өкмөт» программасы боюнча жыйында кечке жуук баш калаадагы бардык үйлөрдө жылуулуктун температурасы жогорулай турганын билдирген. Бул кабарды Исаковдун маалымат катчысы Урмат Кабылова Бүгүн саат 4тө температура жогорулайт деп күтүп жатабыз. Бирок бул туура саат 4тө үйлөр жылып калат дегенди билдирбейт. Премьер «жылуулук болот деп так айта албайбыз, бирок акырындык менен температураны көтөрүп атабыз» деп айтты. Андыктан бүгүн кечинде жылуулук жакшырып калышы керек деп ырастады. 29-январда премьер-министр Бишкек Жылуулук электр борборунда түзүлгөн кырдаал боюнча шаар тургундарына кайрылып, кечирим сураган. Бүгүнкү абалга жол бергендер аныкталып, күнөөлүү кызматкерлер ээлеген кызматына карабастан жазаланарын билдирген. Өкмөт бул тармакка катуу көңүл бурарын, реформалоо үчүн бардык аракеттер жумшаларын кошумчалаган.

Мектепте каникул узартылды

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, аба ырайына байланыштуу мектептерде каникул дагы үч күнгө узартылды. Ага ылайык, беш күндүк жадыбал менен иштеген мектептерде 31- январда жана 1-2-февралда да окуу болбойт. Алты күндүк иш тартиптеги мектептерде эс алуу 31-январдан 3-февралга чейин уланат. Министрлик бала бакчалардагы каникулду узартууну жергиликтүү бийлик чечерин, кесиптик окуу жайлары тиешелүү чечимди өз алдынча кабыл аларын маалымдады. Буга чейин сууктан улам Кыргызстандагы бардык мектептердин, бала бакчалардын иши 26-январдан 30-январга чейин убактылуу токтотулган

Өрттөн эки адам ууланып калды

Бишкектин Ош базарында чыккан өрттөн эки киши ууланып, ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, учурда өрттү толук өчүрүү иштери уланууда. Баштапкы маалыматтарга караганда, тилсиз жоо 3,5 миң чарчы метрге жакын аянтка жайылган. Өрт бүгүн саат 09:30дар чамасында Бейшеналиев менен Киев көчөлөрүнүн кесилишинде, Ош базарындагы «Сейтек» дүкөндөр комплексинде чыккан. Аны өчүрүүгө беш, кийинчерээк дагы он топ тартылган. Жалпысынан ондогон соодагердин павильону өрттөнүп кетти. Кырсыктын себептери такталууда.

 

Количество просмотров: 26