• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн БШКнын жыйыны өтөт

7 Жалган куран 2021 10:16 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 7-мартта саат 12:00дө Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйыны өтөт. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматы билдирди.

Күн тартиби:

1. Жогорку Кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Закиров А., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти);

2. Жогорку Кеңештин депутатынын бош калган мандатын өткөрүп берүү жөнүндө (баяндамачы – Закиров А., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти);

3. Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин кээ бир депутаттарынын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, катталган талапкерлердин тизмесинен чыгаруу жана бош калган депутаттык мандаттарды жергиликтүү кеңештердин депутаттыгына талапкерлерге өткөрүп берүү жөнүндө Нарын шаардык, Жалал-Абад, Таш-Көмүр жана Аламүдүн аймактык шайлоо комиссияларынын чечимдерин бекитүү тууралуу (баяндамачы – Закиров А., шайлоолорду уюштуруу бөлүмүнүн эксперти);

4. 2021-жылдын 11-апрелине дайындалган жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоого байкоо жүргүзүү ниети тууралуу коммерциялык эмес уюмдун билдирүүсү жана коомдук байкоочуну каттоо жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти);

5. «Демократия жана жарандык коом үчүн коалиция” коомдук бирикмесинин даттануусу жөнүндө (баяндамачы – Кутбердиева М., укуктук камсыздоо бөлүмүнүн эксперти).

Теги:
Количество просмотров: 142