• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Чүй проспектиси убактылуу жабылат

31 Бештин айы 201910:48 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 31-декабрда Чүй проспектисинде унаа-транспортторунун каттамына чектөө киргизилет. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинин Эркиндик бульварынан Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгү саат 18:00дөн түнкү саат 24:00гө чейин жабылат.

Кошумчалай кетсек, жаңы жылга карата уюштурулган концерт 31-декабрь күнү кечки саат 20:00дөн башталып, түнкү 23:30га чейин болот.

Количество просмотров: 114