• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн «Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын байгелерин ойнотуу башталат

25 Бештин айы 202311:13 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 25-декабрда «Чек талап кылып, байге утуп ал» лотореяларын ойнотуу башталат. Бул туууралуу Мамлекеттик салык кызматы кабарлады.

Маалым болгондой, байгелерди ойнотуу 30-декабрга чейин уланып, күн сайын саат 13:00дөн тарта Мамлекеттик салык кызматынын «Фейсбук» баракчасында жана Ютуб каналында, ошондой эле УТРКнын «Ала-Тоо-24» каналында түз алып көрсөтүлөт.

«Салык чектин» бул жолку байгелерине 521 даана iPhone14, 519 даана смартфон, 158 даана ноутбук, «Дайсон» маркасындагы 21 фен коюлган.  Ал эми 30-декабрда 10 батирдин, 11 электромобилдин, чет өлкөгө 4 жолдомонун жеңүүчүлөрү аныкталат.

Количество просмотров: 483