• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бүгүн Дача-Суга учак кулаган чоң трагедиялуу күн. Арадан 4 жыл өтүп, бирок жабылуу аяк жабылуу бойдон калууда

16 Үчтүн айы 2021 11:08 Бишкек Govori.TV

2017-жылдын 16-январда таң эрте «Манас» эл аралык аэропортунун жанындагы Дача СУ конушуна «Boeing-747-412F» үлгүсүндөгү бортунда 85 тоннадан ашык жүгү бар учак кулаган.

Түркиялык «АСТ Airlines» компаниясына таандык «Boeing» аэропорттун учуу тилкесине коно албай экинчи айлампага көтөрүлүп бараткан учурда калктуу конуштун үстүнө кулаган. Каргашада тынч уйкуда жаткан 35 тургун жана учактагы экипаждын төрт мүчөсү курман болгон. Учкучтар түрк жарандары эле.

«АСТ Airlines» компаниясына таандык учак Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан. Расмий маалыматка таянсак, учак Бишкектеги «Манас» аэропортуна экипажды алмаштырып, күйүүчү май куйганы конмок.

2017-жылы учак кырсыгынан кийин Мамлекет аралык авиациялык комитет иликтөө баштаган. Дээрлик үч жылдан ашык жүргөн иликтөөнүн жыйынтыгы былтыр февраль айында гана жарыяланды. Авациялык комитеттин отчётунда кырсык учкучтардын катасынан улам болгону айтылган.

Ал эми Кыргызстандын Транспорт прокуратурасы Жазык кодексинин 280-беренесинин («Темир жол, аба же суу транспортунун кыймылынын жана аны пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу») 3-бөлүгү менен иш козгоп, кийин ал токтотулган.

Учак кулаган күндөн тартып эле учактагы жүк кимдики деген суроо коомчулуктун тынчын алган. Расмий түрдө «Бoингде» турмуш-тиричиликке керектелчү техника, чөнтөк телефондор жана алардын жабдыктары болгону көрсөтүлгөн. Алар карго катары Кыргызстанга эмес, Стамбулга ташылып баратканы айтылган. Кыргызстандын УКМКсы жүктүн эки тоннага жакыны «электр оттуктар» экенин, алар «JTI Kazakhstan LLC» компаниясынын буюртмасы менен Стамбулдан Бишкекке жеткирилмек болгонун кабарлаган. Атайын кызматтын маалыматына ылайык учактагы жүк оболу Стамбулга барып, анан кайра Бишкекке жеткирилмек.

Бирок бул маалымат кыргыз коомчулугун ынандырган эмес. Кулаган учактагы жүктүн арасынан кыргыз тилиндеги нускамалар табылганы да көптөгөн суроолорду жараткан.

Бул боюнча өкмөттүк жана депутаттык комиссия иштеп, бирок иликтөөнүн жыйынтыгы ачык жарыяланган эмес.

Каргашалуу учактагы жүк саясий өңүт алып, талаш-тартышка жем таштаган. Оппозиция жана коомчулуктун айрым өкүлдөрү жүктү ошол кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсүнө байланыштырып келет.

Учак кырсыгына 4 жыл толсо да азыркыга чейин коомчулукта жаралган каргашалуу жүктүн ээси ким, учак кулаардын алдында учкучтар ортосунда эмне болгон деген сыңары кептер азыркыга чейин жоопсуз калууда.

Количество просмотров: 150