Megacom
  • Ишенби 8 Баш оона 2020

Бүгүн дагы 345 адамдан коронавирус табылды 

8 июля 2020 в 10:08 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 8-июлга карата Кыргызстанда дагы  345 адамдын анализинен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу эртең мененки онлайн маалымат жыйында коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура  Акматова билдирди.


Жаңы катталган бейтаптар:

– Бишкек шаарында 183 адам;

– Чүй облусунда 51 адам;

– Ош облусунда 7 адам;

– Ош шаарында 22 адам;

– Жалал-Абад облусунда 23 адам;

– Баткен облусунда 21 адам;

– Нарын облусунда 14 адам;

– Ысык-Көл облусунда 24 адам.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 8486 адамга жетти.

Количество просмотров: 199