• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн-эртең Бишкекте азык-түлүк жарманкеси өтөт

1 Бирдин айы 202513:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн-эртең Бишкекте социалдык маанидеги азык-түлүк продукциясынын жарманкеси өтөт.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан уюштурулган жарманке дем алыш күндөрү саат 09:00дөн кечки саат 19:00гө чейин уланат.

Жарманкенин максаты, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү, агроөнөр жай ишканаларын жана жеке ишкерлерди колдоо менен бирге айыл чарба продукцияларын шаар тургундарына дүң баада сатуу болуп саналат.

Жарманке Бишкек шаарынын Түгөлбай-Ата көчөсү, Эркиндик жана К. Тыныстанов (ЖД Вокзал) көчөлөрүнүн кесилиштеринде өтөт.

Количество просмотров: 241