• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бүгүн эртең менен эки жолу жер титиреди

6 Жалган куран 2024 10:57 Бишкек Govori.TV

Кытайда бүгүн эртең менен саат 06:10до күчү 5,5 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында — Ысык-Көлдөгү Бедел айылынан түштүк-чыгышка карай 25 км, Кумтөр кенинен түштүк-чыгышка карай 72 км, Каракол шаарынан түштүк-чыгышка карай 125 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кыргызстандын калктуу конуштары — Бедел айылында 4 баллга, Кумтөрдө 3 баллга чейин сезилген.

Мындан тышкары, саат 06:06да Кыргызстанда дагы бир жер титирөө катталган. Анын очогу Кыргызстандын аймагында — Жалал-Абад облусунун Таран-Базар айылынан түндүк-батышка карай 3 км, Жоон-Күңгөй айылынан түштүк-батышка карай 3 км, Кара-Чолок айылынан түндүк-чыгышка карай 5 км, Көк-Жаңгак шаарынан түндүк-чыгышка карай 16 км жана Жалал-Абад шаарынан түндүк-чыгышка карай 36 км аралыкта жайгашкан.

Жер титирөө калктуу пункттарда 2,5 баллга чейин сезилген.

Количество просмотров: 1728