• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бүгүн Кара-Кулжада сууга түшүп кеткен баланы издөөгө 100дөн ашык адам чыкты

23 Чын куран 202517:37 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кара-Кулжа районундагы Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөө иштерине 100дөн ашык адам чыкты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде 4 кызматкер жана жергиликтүү тургундардан 80 адам бар.

Ага чейин бүгүн таң эрте Кара-Кулжа жана Кара-Суу райондорунан жалпы 10 куткаруучу тартылган.

Белгилей кетсек, Ой-Тал айыл аймагына караштуу Көндүк-Чаты тилкесиндеги Тар дарыясына 2017-жылы туулган Т.Э. аттуу жаш бала 20-апрель күнү түшүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн.

Кошумча маалымат берилет.

Количество просмотров: 507