• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн коронавирус жуккан жаңы 60 учур катталды

1 Аяк оона 2020 11:23 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 1-сентябрына карата коронавирус жуккан жаңы 60 учур (пневмонияны эске алганда) катталды. Анын ичинен 23 адамда коронавирус аныкталса, 37 бейтап пневмонияга кабылган. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде билдирди.

Сутка ичинде катталган жаңы учурлар:

  • Бишкек — 13
  • Ош – 1
  • Чүй облусу – 2
  • Ош облусу — 7
  • Талас облусу — 3
  • Нарын облусу – 1
  • Ысык-Көл облусу – 3
  • Жалал-Абад облусу – 14
  • Баткен облусу — 16

Маалыматка караганда, жалпы коронавирус жуктуруп алгандардын саны өлкө боюнча 43 миң 958 адамга жетти.

Количество просмотров: 174