• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок

25 Баш оона 2020 11:39 Бишкек Govori.TV

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынды саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев билдирди.

«Кудайга шүгүр бүгүн коронавирустан каза болгондор катталган жок. Бирок ошол эле учурда жер-жерлерде өз алдынча дарыланып же кеч кайрылып оор, абалда ооруканага түшкөндөрдүн саны азайган жок. Бул боюнча Саламаттык сактоо министрлиги, медицина кызматкерлери, жергиликтүү бийлик күчөтүлгөн режимде иш алып барып жатат» , — деди Каратаев.

Количество просмотров: 83