• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн КТРКнын башкы директорун шайлоо болот

6 Жалган куран 2019 12:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 06.03.2019. Govori.TV.

2019-жылдын 19-мартында КТРКнын азыркы башкы директору Илим Карыпбековдун иштөө мөөнөтү аягына чыгып жатканына байланыштуу, 18-январда КТРКнын башкы директору кызматына сынак жарыяланган.

КТРКнын Байкоочу кеңешинин 18-февралда өткөн жыйынында, КТРКнын башкы директор кызматына катышкан талапкерлердин жабык конвертте берген документтери ачылган.  Жалпысынан 22 талапкер арызын берип, үч талапкердин  документтери толук эмес бергендигине байланыштуу сынактын кийинки баскычына өткөн эмес. 

Ал эми, талапкерлер менен болгон жеке маектешүүдөн жана өз программаларын тааныштыргандан кийин, 8 талапкер сынактын кийинки баскычына өткөн.

Төртүнчү этапка өткөн талапкерлер: 

Галина Байтерек Джумабековна, 

Сураган Босумбаев Раимбекович, 

Казакбай уулу Замирбек, 

Нуракун уулу Ибраим; 

Мирлан Самыйкожо, 

Болотбек Тиллебаев, 

Адиль Турдукулов

Жайнак Үсөн уул

Бүгүн, 6-мартта КТРКнын Байкоочу кеңеши 4-этапка өткөн талапкерлерге добуш беришет.

Количество просмотров: 32