• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

УТРКнын башкы директору алмашты

21 Тогуздун айы 202511:53 Бишкек Govori.TV

УТРКнын башкы директору алмашты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык токтом кылынып: Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору Тиллебаев Болотбек Кочкорович ээлеген кызмат ордунан бошотулду.

Президенттин кол койгон дагы бир тескемеге ылайык, Сатиев Уланбек Алимбаевич Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын башкы директору болуп дайындалды.

Количество просмотров: 189