• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Шайырбек Абдырахаман уулу президентинин квотасы боюнча КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына кирди

13 Бирдин айы 2020 10:38 Бишкек Govori.TV

Парламент жыйынында Жогорку Кеңештин 2017-жылдын 26-апрелиндеги “Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө” токтомуна тийиштүү өзгөртүү жасалып, Шайырбек Абдырахаман уулу КР Президентинин квотасы боюнча КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамына киргизилди. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтому кабыл алынды.

Шайырбек Абдырахаман уулу 1976-жылы Жалал-Абад облусунда туулган. Жогорку билимдүү: 2001-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетин бүтүгөн. Ошондон бери журналистика жаатында эмгектенип келет. Кезинде ЭлТР Мамлекеттик телерадиокорпорациясын жетектеген.

Количество просмотров: 95