• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

КТРКнын Байкоочу кеңеши башкы директор шайлоодо

30 Бештин айы 2020 13:07 Бишкек Govori.TV

Коомдук телеканалдын Байкоочу кеңеши бүгүн, 30-декабрда отурумга чогулуп, телеканалдын жетекчисин шайлоо маселесин кароодо. Ушул тапта КТРКнын башкы директорлугуна талапкерлер өздөрүнүн программасы менен тааныштырууда.

Байкоочу кеңештин мүчөсү, журналист Сыягүл Караман «Азаттыкка» маалымдагандай, талапкерлерге добуш берүү бүгүн башталат. Ал бир нече айлампага созулушу күтүлүүдө.

Октябрь окуяларынан кийин КТРКнын башкы директору Жайнак Үсөн уулу кызматтан өз эрки менен кеткенин билдирип, арыз жазган. Анын ордуна бир топ талаш-тартыштан соң, башкы директордун милдетин убактылуу аткаруучу болуп Бахтияр Алиев Байкоочу кеңеш тарабынан бекитилген.

КТРКнын Байкоочу кеңеши мекеменин директорлук кызматына 29-октябрда ачык сынак жарыялаган. Ага 15 адам талапкерлигин көрсөткөн. Бирок көп өтпөй телеканалдын мурдагы директору Жайнак Үсөн уулу өзүнүн кызматтан кеткенин жокко чыгарып берүүнү өтүнүп, сотко кайрылганына байланыштуу Байкоочу кеңеш сынакты белгисиз мөөнөткө жылдырган.

Количество просмотров: 82