• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Бүгүн Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда авиакаттам жанданат

21 Аяк оона 2020 9:34 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 21-сентябрынан тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосунда авиакаттам жанданат. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алгачкы этапта Бишкек-Москва-Бишкек багыты боюнча каттам жумасына бир жолу ишке ашырылат. Кыргызстан тараптан каттамдар дайыма «Avia Traffic Company» авиакомпаниясы тарабынан ар бир жума күнү учат.

Россия Федерациясынын аймагында коронавирус инфекциясын алып келүү жана жайылышын алдын алуу боюнча Ыкчам штабдын чечими менен 2020-жылдын 21-сентябрынан баштап Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын ортосунда авиакаттамдар дайыма жүргүзүлө баштайт.

Количество просмотров: 106