• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Бүгүн Кыргызстан менен Сириянын футболчулары Бишкекте беттешет

10 Аяк оона 2018 9:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек.10.09.2018.Govori.TV.
Бүгүн, дүйшөмбү күнү Бишкектеги Кыргызстан менен Сириянын футбол боюнча курама командалары беттешет.  Бул туурасында КРдин Футбол боюнча федерациясынан кабарлашты.
Кыргызстандык футболчулар Сириянын курамасы менен Азия кубогуна даярдык көрүү үчүн таймашат. Оюн Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Ушу тапта FIFA рейтингинде Кыргызстандын командасы 92-орунда болсо, Сирия 73-позицияда.
Эске салсак, 6-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина менен болгон жолдоштук беттеште тең чыккан.
Анда командалар оюнду 1:1 эсебинде аякташкан.

 

Количество просмотров: 22