• Жума 26 Кулжа 2026
  • Пятница 26 Июнь 2026

Бүгүн Кыргызстан менен Япониянын курамасы беттешет

15 Кулжа 20219:49 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 15-июнда футбол боюнча Кыргызстандын курамасы менен Япониянын командасы оюн өткөрөт.

Беттеш 2022-жылы өтө турган Дүйнө чемпионатынын Азия чөлкөмүндөгү тандоо турунун алкагында Япониянын Суйта шаарында Бишкек убактысы менен саат 16:25те өтөт.

Эскерте кетсек, “Ак шумкарлар” буга чейин Мьянманын командасын 8:1 эсебинде утуп, Монголиянын курамасына 0:1 эсебинде утулуп калган.

“Ак шумкарлар” F тайпасында Япония, Мьянма, Монголия жана Тажикстандын курама командалары менен жайгашкан. Кыргызстандын курамасы тайпада 10 упайы менен экинчи орунда келе жатат.

Количество просмотров: 302