• Шаршемби 3 Кулжа 2026
  • Среда 3 Июнь 2026

Бүгүн Кыргызстандын футбол курамасы Бангладеш менен ойнойт

7 Аяк оона 2021 10:28 Бишкек Govori.TV

Бүгүн Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы Бангладеш командасы менен ойнойт. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол биримдигинен билдиришти.

Оюн Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Башталышы саат 20:30.

2-сентябрда Бишкекте башталган «Үч улуттун кубогу» мелдешинде Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Палестина курамасын 1:0 эсебинде жеңип алган.

Кошумчалай кетсек, Эл аралык футбол мелдеши бүгүн, 7-сентябрда аяктайт. Турнирге Бангладештин, Кыргызстандын жана Палестинанын футбол боюнча улуттук командалары катышууда. 5-сентябрда Палестина менен Бангладеш ойногон.

Количество просмотров: 154