• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бүгүн Кыргызстанга Түркиянын президенти келет

1 Аяк оона 2018 14:47 Бишкек Govori.TV
Бишкек.01.09.2018.Govori.TV.
Бүгүн,  1-сентябрда Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоган расмий иш сапары менен Кыргызстанга келет.
Маалым болгондой, Эрдоган 1-2-сентябрда Бишкектеги иш-чараларда болуп, кийин III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине жана Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин мамлекет башчыларынын VI саммитине катышат.
Ошондой эле премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев, жана Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков менен дагы жолугат.
Түркиянын Президенти Режеп Тайып Эрдоганды Манас эл аралык аэропортунан тосуп алуу күтүлүп жатат.
Количество просмотров: 25