Бишкек.29.04.2019.Govori.TV.
Бишкек шаарынын күнүнүн урматына уюштурулган майрамдык концерттен кийин коомдук транспорт элди бекер ташыйт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, шаар күнүнө карата уюштурулган концерт саат 19:00дө башталып, ал фейерверк менен жыйынтыкталат.
Борбордук «Ала-Тоо» аянтынан саат 21:00дөн 24:00гө чейин элди төмөнкү автобустар менен троллейбустар бекер ташыйт. Алар:
№ 7, 9, 38, 42 автобустар;
№4, 10, 7, 8, 2, 14 троллейбустар.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын күнүнө карата майрамдык концертте «Ялла» тобу менен ырчы Согдиана ырдайт.