• Жекшемби 19 Бугу 2024
  • Воскресенье 19 Май 2024

Бүгүн медиктер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок

16 Бугу 2020 10:21 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда сутка ичинде медиктер арасында коронавирус жуктуруп алгандар катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, сутка ичинде өлкө боюнча стационарлардан 6 медкызматкер сакайып чыкты.

«Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 248 учур катталды, алардын ичинен 200 медкызматкер стационарлардан айыгып чыкты», — деди Үсөнбаев.

Количество просмотров: 58