Кыргызстанда бир күн ичинде медицина кызматкерлердин арасында коронавирус жуктурган учур катталган жок. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Медкызматкерлердин арасында бүгүн жаңв учур катталган жок. Республика боюнча жалпы медицина кызматкерлери арасында коронавирус жуктурган 273 учурга жетти. Алардын ичинен 226 медицина кызматкери стационарлардан айыгып чыкты», — деп билдирди Үсөнбаев.