• Жекшемби 5 Теке 2026
  • Воскресенье 5 Июль 2026

Бүгүн парламентте “Таза аба” долбоору боюнча коомдук угуу болот

1 Жалган куран 20199:48 Бишкек Govori.TV

Бишкек.01.03.2019. Govori.TV.

Абдывахап Нурбаев, Жанар Акаев, Мирлан Бакиров баштаган Жогорку Кеңештин бир катар депутаттары “Таза аба” долбоорун сунуштап, бир нече мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү демилгесин көтөрүп жатышат.

Эл өкүлдөрүнүн сунушу менен “Абаны булгоонун булактары” жөнүндө аналитикалык изилдөө жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгынын негизинде абанын булганышына жана айлана-чөйрөгө терс таасирин тийгизген зыяндуу заттарды кыскартууга багытталган мыйзам долбоору иштелип жатат. Бүгүн парламентте бул долбоор боюнча коомдук угуу болот.

Кошумчалай кетсек, Move Green коомдук кыймылынын изилдөөсүнө караганда, Бишкекте күн суук болгондо абанын булганышы нормадан 2ден 8 эсеге чейин жогору болот. Декабрь айында аба нормадан 14 эсе көп кирдеген учурлар катталган.

Количество просмотров: 20