• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Бүгүн президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

2 Аяк оона 2022 9:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-сентябрда, президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга — өзгөчө эмгеги үчүн белгиленген ар кыл тармактын өкүлдөрүнө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземи болот. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат.

Жарандарга сыйлыктарды тапшыруу эки бөлүктөн турат. Башталышы саат 10:00 жана 16:00дө.

Количество просмотров: 154