• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бүгүн президент Садыр Жапаров 53 жашка чыкты

6 Бештин айы 2021 8:57 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 6-декабрда президент Садыр Жапаров 53 жашка толду. Садыр Жапаров 1968-жылы Ысык-Көлдүн Түп районуна караштуу Кең-Суу айылында туулган.

Билими жогорку. 1991-жылы Фрунзе шаарындагы Дене тарбия жана спорт институтун аяктаган.  2006-жылы Б. Н. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетин аяктап, «юрист» адистигине ээ болгон.

Эмгек ишмердүүлүгү:

1986–1987-жж. — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Санташ» колллективдүү чарбасынын жетекчиси;

1987–1989-жж. — Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн;

1989–1995-жж. — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Санташ» колллективдүү чарбасынын жетекчиси;

1996–2000-жж. — Ысык-Көл облусунун Түп районундагы «Солтонкул» дыйкан чарбасынын төрагасынын орун басары;

2000–2002-жж. — «Гузель-МХААД» ЖЧК башкы директору;

2002–2005-жж. — «Нурнефтегаз» ЖЧК башкы директору;

2005–2007-жж. — Кыргыз Республикасынын III чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты;

2007-2009-жж. — Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси;

2008–2009-жж. — Улуттук коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин комиссары;

2009–2010-жж. — Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору;

2010–2013-жж. — Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты;

2020-жылдын октябрь айынан тартып — Кыргыз Республикасынын премьер-министри, Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу.

2021-жылдын 28-январынан тартып — Кыргыз Республикасынын президенти.

Количество просмотров: 345