• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Бүгүн президент Жапаровдун төрагалыгы алдында ЖЕЭК жыйыны өтөт

27 Бугу 2022 12:40 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 27-майда, Кыргызстандын президенти, Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин (ЖЕЭК) төрагасы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) катышуучу өлкөлөрүнүн лидерлеринин катышуусунда видеоконференция форматында ЖЕЭК жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Саммиттин күн тартибинде кеңейтилген жана чакан чөйрөлөрдө 15 маселени талкуулоо пландалган, анын ичинде ЕАЭБдин 2022-2023-жылдарга карата макроэкономикалык саясатынын негизги багыттары, ЕАЭБдин ички рыногундагы тоскоолдуктарды жоюу боюнча иштердин жыйынтыгы, ЕАЭБдин эл аралык ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарынын ишке ашуусу ж. б.

Жыйынга Беларус президенти Александр Лукашенко, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Россиянын президенти Владимир Путин, Армениянын премьер-министри Никол Пашинян катышат. Байкоочу өлкө лидерлери катары Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жана Кубанын президенти Мигель Диас-Канель катышат.

Эске салсак, 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешке жана Евразия экономикалык комиссиясынын кеңешине төрагалык кылат.

ЖЕЭК жыйынын УТРК жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде саат 16:00дө көрсөтүлөт.

Количество просмотров: 63