• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бүгүн Рыспай Абдыкадыровдун 80 жылдыгы белгиленет

12 Үчтүн айы 2021 9:20 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 12-январда залкар обончу, композитор Рыспай Абдыкадыровдун туулган күнү. Ал көзү тирүү болгондо 80 жашка чыкмак.

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги бүгүн Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында иш-чара өткөрөт.

«Саамалык санитардык-эпидемиологиялык шарттарды эске алуу менен өтүп, чакан форматта концерт уюштурулат»,-деп айтылат маалыматта.

Рыспай Абдыкадыров 1941-жылы 12-январда Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Кызыл-Булак айылында жарык дүйнөгө келген. Бала кезинен музыкага шыктуу Рыспай 1963-жылы Ош педагогикалык факультетин бүтүргөн. Өзүнүн эмгек жолун Кара-Кулжа элдик театрында, андан соң Жалал-Абад театрында эмгектенүү менен баштаган. Өзүнүн аз жашаган өмүрүндө бир топ алп ырларды кийинки муундарга калтырып кеткен инсан 1994-жылы 12-сентябрда көпкө созулган оорунун айынан көз жумган.

Количество просмотров: 120