• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бүгүн шаардык сотто Албек Ибраимовдун баш коргоо чарасы каралат

12 Аяк оона 2018 8:59 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 12.09.2018. Govori.TV

Бүгүн, 12-сентябрь саат 09:30да Бишкек шаардык соту борбор калаанын экс-мэри Албек Ибраимовду камакта калтыруу мөөнөтүн узартуу маселесин карайт. Бул тууралуу КСДПнын мүчөсү Кундуз Жолдубаева билдирди.
Эске салсак, 27-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту Ибраимовду 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарган.
Албек Ибраимовго «Дастан» ишканасын жетектеп турган учурда болгон сатып алуулар боюнча кылмыш иши козголгон. 19-июлда Албек Ибраимов Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тарабынан кармалып, Биринчи Май райондук соту тергөө аяктаганга чейин, тагыраагы, 29-августка чейин камакта калган. Бул чечимди Бишкек шаардык соту күчүндө калтырган.
15-августта Жогорку Сот, Ибраимовду камакта калтыруу чечимин күчүндө калтырган.
Количество просмотров: 11